Бүтүрүүчүлөр/ Бүтүрүүчүлөрдүн кеңеши/

Бекжан Элдияр уулу

SFW-121

Менин атым Бекжан, Программалык камсыздоону иштеп чыгуу багыты боюнча акыркы курстун студентимин. Бүтүрүүчүлөр стипендиясы мага окуума толук көңүл бурууга, каржылык кыйынчылыктардан алыс болууга чоң мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондой эле, бул стипендия кесипкөй адистер жана студенттер менен байланышты кеңейтип, билим алуу тажрыйбамды байытууга өбөлгө болот. Бул колдоонун аркасында келечекте мен да башка студенттердин максаттарын ишке ашыруусуна көмөк көрсөтүүнү каалайм.

Link to this block: /kg/p4473727501/#b1162

Айдана Уметалиева

SOC-122

Менин атым Айдана Уметалиева. Социология бөлүмүнүн үчүнчү курстун студентимин. Бүтүрүүчүлөрдүн стипендиясы мага академиялык жана жеке максаттарымды ишке ашырууга зор мүмкүнчүлүк берет. Каржылык колдоо менен катар өнүктүрүү бөлүмү менен иштөө жана бүтүрүүчүлөр менен байланыш түзүү мүмкүнчүлүгү менин билим алуу тажрыйбамды байытып, кесиптик тармагымды кеңейтет.

Link to this block: /kg/p4473727501/#b1161

Эльдар Шакиралиев

AMI-122

Мен Колдонмо математика жана информатика багытында билим алып жаткан үчүнчү курстун студенти болуп, программалык камсыздоо иштеп чыгууга жана маалыматтарды талдоого өзгөчө кызыгуум бар. Бул стипендия мени чектөөлөрдү жеңип, академиялык мыктылыкка умтулууга шыктандырат. Бүтүрүүчүлөрүбүздүн кең пейилдиги үчүн терең ыраазымын - бул колдоо мага чоң максаттарга жетүүдө дем берет.

Link to this block: /kg/p4473727501/#b1147

Асель Шамырканова

ICP-121

Эл аралык жана салыштырма саясат багытында билим алып жаткан акыркы курстун студенти катары мен дүйнөлүк маселелерди терең түшүнүүгө жана тынчтык менен өнүгүүгө багытталган саясаттарды иштеп чыгууга кызыгам. Бүтүргөндөн кийин эл аралык уюмдарда тажрыйба топтоп, кийин магистратурада окуп, бул тармакта тереңирээк салым кошууну максат кылам. Бүтүрүүчүлөр стипендиясы менин академиялык жолумда жана окуудан тышкаркы өнүгүшүмдө баа жеткис колдоо болду. Кең пейил колдоосу үчүн бүтүрүүчүлөрүбүзгө чын жүрөктөн ыраазымын - бул жардам келечектеги максаттарыма карай маанилүү кадамдарды жасоого өбөлгө болду.

Link to this block: /kg/p4473727501/#b1156

Шервоншох Туйгунов

IBL-122

Менин атым Шервоншох Туйгунов, мен Эл аралык жана бизнес укугу багыты боюнча үчүнчү курстун студенти болом. БААУнун Бүтүрүүчүлөр стипендиясынын сыймыктуу ээси катары бүтүрүүчүлөр тармагыбыздын кең пейил колдоосу үчүн терең ыраазымын. Бул жардам менин каржылык жүгүмдү жеңилдетип гана тим болбостон, окуума толук кандуу көңүл бурууга жана кесиптик жөндөмдөрүмдү чыңдоого шарт түздү. Айрыкча мен үчүн маанилүү болгон укуктук изилдөө жана анализ жаатында терең билим алууга мүмкүнчүлүк жаратты. Келечекте мен да бүтүрүүчүлөр коомчулугуна салым кошуп, студенттерге өз максаттарына жетүүгө көмөк көрсөтүүгө үмүттөнөм.

Link to this block: /kg/p4473727501/#b1163

Алина Маматова

LAS-121

Саламатсыздарбы! Менин атым Алина Маматова, мен «Эркин өнөр жана илимдер» факультетинин акыркы курсунун студенти болуп, «Социалдык ишкердик жана дизайн ой жүгүртүү» концентрациясында билим алам. Жакында мен БААУнун Бүтүрүүчүлөр стипендиясынын ээси болдум. Бул мүмкүнчүлүк мага жаңы байланыштарга жол ачып, окуу акысын ойлобой билим алууга ыңгайлуу шарттарды жаратат. Академиялык жашообузга баалуу салым кошуп жаткан бардык бүтүрүүчүлөргө ыраазычылык билдирем.

Link to this block: /kg/p4473727501/#b1145

Элдиана Атабек кызы

ANTP-123

Мен - Элдиана Атабек кызы, Антропология жана Эл аралык өнүгүү багытында окуйм. Адамзатты үйрөнүү жана анын жыргал жашоосуна салым кошуу - менин жашоодогу чыныгы кызыгуум. БААУнун бүтүрүүчүлөр стипендиясы менин билим алуу шарттарымды жеңилдетип, чоң материалдык колдоо көрсөткөндүгү менен окуума олуттуу салым кошту. Бул мүмкүнчүлүк үчүн абдан ыраазымын жана келечекте студенттерге дал ушундай колдоо көрсөтүүнү каалайм.

Link to this block: /kg/p4473727501/#b1164

Жонибек Юсупов

ECO-122

Мен Тажикстандын күн нуруна бөлөнгөн кооз өлкөсүнөн болом жана учурда экономика багыты боюнча үчүнчү курста окуп жатам. БААУнун бүтүрүүчүлөрүнүн стипендиясын алуу мен үчүн чоң колдоо болду - бул мага окууга жана жеке өнүгүүгө толук көңүл бурууга мүмкүнчүлүк берди. БААУнун бүтүрүүчүлөр коомчулугунун бир бөлүгү болуу мен үчүн шыктандыруучу жана сыймыктуу. Мен да бул мураска салым кошуп, БААУнун мыктылык жана жамаатчылык духун сактоого умтулам.

Link to this block: /kg/p4473727501/#b1165

Сабина Талантбек кызы

BA-121

Мен - Сабина Талантбек кызы, учурда “Бизнес башкаруу” факультетинин үчүнчү курсунда окуп келем. Бүтүрүүчүлөрдүн стипендиясы мага өз академиялык милдеттериме басым жасоого жана болочок карьерама бекем пайдубал курууга чоң мүмкүнчүлүк түзүп берди.

Link to this block: /kg/p4473727501/#b1075

Жыпара Кадыракунова

ESCS-121

Менин аты-жөнүм - Жыпара Кадыракунова, “Экологиялык туруктуулук жана климатология” факультетинин үчүнчү курсунун студентимин. Бул стипендия мага академиялык жетишкендиктеримди колдоо менен бирге абройлуу окуу жайда жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгүн берет. Мындан тышкары бүтүрүүчүлөр менен байланыштарды түзүүгө жана ийгиликтүү кесипкөйлөрдөн баалуу кеңештер менен тажрыйбаларды алууга жардам берет.

Link to this block: /kg/p4473727501/#b1068

Шахзода Миракова

JMC-122

Мен БААУнун “Журналистика жана массалык байланыштар” адистиги боюнча экинчи курсунун студентимин. Мен өз өлкөсүн Европа, АКШ жана Борбордук Азиядагы Гарвард конференциясы, Өзбекстандын жаш лидерлеринин программасы, ЕБнын Жаштар кеңешинин отуруму сыяктуу иш-чараларда Өзбекстанды тааныткан активдүү студентмин. Мен жарандык катышуу долбоорлору жана баяндарды айтып берүүнүн жардамы менен активдүү жарандык позициямды жайылтып келем. Бүтүрүүчүлөрдүн стипендиясын алуу бул мен үчүн кыз-келиндердин укугу, сөз эркиндиги жана экологиялык көйгөйлөр тармагында Борбордук Азия жөнүндө түшүнүктөрдү өзгөртүү жана бул максатта биргелешип иштөө мүмкүнчүлүгү.

Link to this block: /kg/p4473727501/#b1070