Жалпы билим берүү бөлүмүнүн максаттары жана окуу жыйынтыктары
Университеттин максаттары
- Борбордук Азияда жана дүйнө жүзүндө жаңы муундагы жарандар менен лидерлерди окутуу үчүн гуманитардык илимдер, коомдук жана жаратылыш таануу илимдери, искусство, укук, бизнес, билим берүү жана башка маанилүү тармактар боюнча инновациялык дисциплинардык жана интердисциплинардык программалар менен жогорку деңгээлдеги бакалаврдык жана магистратуралык билим берүү программаларын камсыз кылуу;
- Студентке багытталган окутуу жана үйрөнүү процессин Америка Кошмо Штаттарынын эркин өнөр жана илимдер салттарына таянып жүргүзүү;
- Коом үчүн пайдалуу болуучу изилдөөлөрдү жаратуу жана жайылтуу;
- Жергиликтүү, регионалдык жана глобалдык деңгээлдеги коомчулуктардын өнүгүшүнө салым кошуучу жарандык активдүүлүктү, коомчулукка негизделген үйрөнүүнү жана активдүү изилдөөлөрдү илгерилетүү;
- Борбордук Азияда жана дүйнө жүзүндө социалдык, саясий жана экономикалык өнүгүүгө салым кошуучу билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосунда жана эл аралык коомчулук менен өз ара пайдалуу байланыштарды өнүктүрүү;
- Борбордук Азияда жана дүйнө жүзүндө тез өзгөрүп жаткан шарттарга ийгиликтүү ыңгайлашуучу жаңы муунду даярдоо максатында жогорку билим берүүдө инновациялык ыкмаларды шыктандыруучу интеллектуалдык эркиндиктин, академиялык чынчылдыктын жана сынчыл ой жүгүртүүнүн үлгүсү болуу;
- БААУнун студенттери менен окутуучулары үчүн билим берүү жана илимий мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу, ошондой эле дүйнөлүк деңгээлдеги адистердин тажрыйбасына, технологияларына жана билим берүү ресурстарына жетүү максатында Борбордук Азиядагы жана дүйнөнүн башка аймактарындагы алдыңкы билим берүү жана изилдөө мекемелери менен өз ара пайдалуу мамилелерди сактоо жана өнүктүрүү.
Жалпы билим берүү жөнүндө
Жалпы билим берүү же негизги окуу программасы — бакалавриат даражасынын негизин түзөт, анткени ал либералдык искусствонун көп тармактуу салтын камсыз кылат. Бул программа студенттерге Нью-Йорк штатындагы Аннандейл шаарындагы Бард колледжинин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жалпы билим берүү талаптарын аткарууга жардам берет. Студенттер университеттик билимин негизги адистигинен тышкары тереңдетип жана кеңейтип алуу үчүн Искусство жана Гуманитардык илимдер, Жаратылыш таануу, Тилдер, Математика, Коомдук илимдер жана Дене тарбиясы сабактарын өтүшөт.
Жалпы билим берүүнүн артыкчылыктары:
- БААУдагы жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин окуу планынын талаптарына ылайык, негизги адистик программасы үчүн Жалпы билим берүү жана
- Таркатуу талаптарын аткаруу;
- Студенттерге негизги адистигинен тышкары дисциплиналар жана көндүмдөр менен таанышууга мүмкүндүк берүүчү киришүүчү жана обзордук курстар аркылуу академиялык тармактардын кеңири чөйрөсүнө киришүү;
- Студенттерге кошумча адистик же кош адистик тандап алуу үчүн башка академиялык программаларды изилдөө жана тажрыйбадан өткөрүү мүмкүнчүлүгүн берүү;
- Бакалавриат программасынын баштапкы этабында курстарды тандоодо ийкемдүүлүк жана тандоо эркиндигин сунуштоо;
- Тил жана адабият аркылуу маданий аң-сезимди өнүктүрүү;
- Жаратмачыл искусстволор аркылуу акылды бошотуу жана дене тарбия менен денени бошотуу.
Жалпы билим берүү программасынын максаттары:
- Студенттерге сынчыл ой жүгүртүүгө, татаал маселелерди талдоого жана далилдерди ар кандай көз караштардан баалоого жөндөм берүү;
- Идеяларды так жана ынанымдуу түрдө ар кандай коммуникация формаларында — жазуу жүзүндө, оозеки жана санариптик форматтарда — жеткире билүү көндүмүн өнүктүрүү;
- Студенттерге ар кыл дисциплиналар аралык билимди интеграциялоого, тармактардын өз ара байланыштарын таанып, бул түшүнүктү чыныгы дүйнө маселелерине колдонууга мүмкүндүк берүү;
- Студенттерди ар түрдүү маданияттар жана глобалдык маселелер менен терең ой жүгүртүп мамиле курууга, адамзаттын турмушунун татаалдыгын жана ар түрдүүлүгүн баалоого даярдоо;
- Студенттерге терең изилдөө жүргүзүү жана татаал маселелерди натыйжалуу чечүү үчүн зарыл болгон аспаптар жана методологияларды берүү;
- Этикалык жоопкерчилик сезимин жана жарандык активдүүлүктү калыптандыруу, студенттерди өз коомчулугуна жана жалпы коомго оң салым кошууга шыктандыруу.
Жалпы билим берүү программасынын окуу жыйынтыктары:
Жалпы билим берүү программасы алты негизги мазмундук багыт боюнча түзүлгөн: гуманитардык илимдер, коомдук илимдер, жаратылыш таануу, тилдер, искусство жана спорт. Ар бир мазмундук багыт студенттерге комплекстүү билим берүү негизин камсыз кылуу жана аларды университеттин кеңири максаттарына шайкеш келген ар түрдүү көндүмдөр жана билимдер менен жабдуу үчүн иштелип чыккан.
Жалпы билим берүү курстарын аяктагандан кийин студенттер төмөнкүдөй жөндөмдөргө ээ болушат:
- Негизги адистигинен тышкары академиялык тармактар боюнча киришүүчү жана обзордук курстар аркылуу негизги билимдерди жана көндүмдөрдү кеңири чөйрөдөгү дисциплиналардан алуу жана трансформациялоо;
- Сынчыл ой жүгүртүү жана жазуу техникасын, стратегияларын жана ыкмаларын өнүктүрүү; оозеки жана визуалдык коммуникация көндүмдөрүн колдонуу; негизги көндүмдөрдү жана тил компетенцияларын көрсөтүү;
- Жазуу жана жаратмачылык билдирүүлөр аркылуу жүйөөлүү ой жүгүртүүнүн негизги элементтерин түзүү, анын ичинде негиздемелер, далилдер, божомолдор, тыянактар жана натыйжалар;
- Саламаттыкты жана жыргал турмушту өнүктүрүү стратегиялары менен ыкмаларын баалоо жана колдонуу; буларды өз жыргалчылыгын жакшыртуу жана жашоо сапатына тийгизген таасири аркылуу көрсөтүү;
- Идеяларды жазуу жүзүндө, оозеки жана санариптик форматтарда ар түрдүү аудиториялар жана максаттар үчүн так жана натыйжалуу жеткирүү;
- Түшүнүү жана көйгөйлөрдү чечүү үчүн тармактар аралык ыкмаларды колдонуу;
- Ар түрдүү маданий көз караштарды жана глобалдык маселелерди түшүнүү, ар түрдүү пикирлерди урматтоо жана аларды жеке жана коомдук контексттерге тиешеси бар деп таануу;
- Тийиштүү ыкмалар жана методдор аркылуу изилдөө жүргүзүү, маалыматтарды чогултуу, талдоо жана түшүндүрүү;
- Изилдөө жыйынтыктарын жана далилдерге негизделген ыкмаларды колдонуу менен татаал маселелерди чечүү;
- Сынчыл ой жүгүртүү жана аналитикалык көндүмдөр аркылуу татаал маселелерди жана жүйөлөрдү баалоо;
- Далилдерге жана логикалык ой жүгүртүүгө негизделген жүйөлүү жана бекемделген тыянактарды түзүү;
- Комуникацияларды тактыкты, логикалык ырааттуулукту жана таасирдүүлүктү жакшыртуу максатында оңдоо жана редакциялоо;
- Татаал маселелерди чечүү жана инновациялык чечимдерди жаратуу үчүн ар түрдүү дисциплиналардагы билимдерди жана методологияларды интеграциялоо;
- Этикалык маселелер тууралуу ой жүгүртүү жана академиялык жана коомдук контексттерде жоопкерчиликтүү чечимдерди кабыл алуу тажрыйбасын өрчүтүү;
- Жашоонун бардык этаптарында жаңы билимдерди жана көндүмдөрдү издөө менен үзгүлтүксүз билим алуу жана интеллектуалдык кызыгуу адатын өнүктүрүү;
- Жеке жана кесиптик чөйрөлөрдөгү өзгөрүүлөргө жана кыйынчылыктарга ыңгайлашуу менен үзгүлтүксүз өнүгүүгө умтулуу.
Негизги окуу планы:
Биринчи жылдык семинар жана Философия I & II
Англисче жазуу I & II
Экинчи жылдык семинар I & II
Биринчи жылдык семинар (FYS) жана Англисче жазуу курсу (EC) – биринчи окуу жылынын тажрыйбасындагы негизги жана жыл бою өтүлүүчү курстар болуп саналат. FYS курсунда студенттер философиялык, маданий жана тарыхый мааниге ээ болгон тексттерди дүйнөлүк көз караштан окуп, талкуулашат, бул болсо БААУ коомчулугунун көп кырдуулугун чагылдырат. Студенттер окутуучулар жана курсташтары менен интеллектуалдык талкууларга тартылып, бул тексттерге сынчыл түшүндүрмөлөрдү берүү, ой жүгүртүүлөрдү билдирүү жана туура тыянактарды чыгаруу үчүн жазуу, оозеки жана жаратмачылык билдирүү аркылуу иш алып барышат. EC курсунда студенттер ошол эле окутуучулар жана тексттер менен иштешип, өз идеяларын логикалык жана бирдиктүү формада билдирүүнү үйрөнүшөт. Бул курс студенттерге бакалавриат баскычында ийгиликке жетүү үчүн зарыл болгон негизги академиялык жазуу көндүмдөрүн жана компетенцияларын камсыз кылууга багытталган.
Экинчи окуу жылында студенттер ар кандай Экинчи жылдык семинар (SYS) курстарынын ичинен бир семестрдик курсту тандап алышат. Бул курстар FYS/EC курстарында берилген академиялык көндүмдөр менен практикалардын негизинде курулган, жазууга багытталган курстар болуп эсептелет. SYS курстары студенттерди окутуучунун конкреттүү дисциплинасы же кызыгуусу чөйрөсүндөгү адабияттар жана тексттер менен таанышууга тартат жана студенттерге билимди тереңдетүү, бөлүшүү жана түшүндүрүү мүмкүнчүлүгүн берет. Студенттер интеллектуалдык изилдөө жүргүзүү, сынчыл жазуу жана окуу, изилдөө жана карьера куруу менен үзгүлтүксүз билим алууга керектүү жумшак көндүмдөрдү андан ары өркүндөтүшөт.
FYS/EC жана SYS курстарынын үйрөнүү жыйынтыктары:
Бул курстарды аяктагандан кийин студенттер төмөнкүлөргө жөндөмдүү болушат:
- Тексттик далилдерге жана окуу материалынын синтезине таянып, так, түзүмдүк жана жакшы уюшулган академиялык эсселерди жана илимий иштерди жазуу жана түзүү;
- Жүйөлүү ой жүгүртүүнүн негизги элементтерин аныктоо жана түзүү, анын ичинде баштапкы ой-пикирлерди, колдоочу далилдерди, божомолдорду, тыянактарды жана натыйжаларды;
- Ырастоолорду сынчыл баалоо жана булактарды тактык, ишенимдүүлүк, тууралык жана актуалдуулук боюнча көрсөтүү;
- Идеялар менен далилдерди жазуу ишине интеграциялоо жана талдоо, туура шилтемелөө (MLA, APA же Чикаго стилиндеги) жана академиялык жазуу стандарттарына ылайык келүү;
- Расмий жана сынчыл жазуунун жалпы кабыл алынган эрежелерине ылайык кеңири изилдөө ишин жүргүзүү жана жазуу;
- Белгилүү бир тема боюнча алдын ала жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн негизинде жеке оозеки презентация даярдоо жана жүргүзүү;
- Тексттер жана булактар боюнча көзкарандысыз ой жүгүртүү аркылуу өз көз караштары менен пикирлерин калыптандыруу жана билдирүү;
- Жазуу жана оозеки форматтарда ачык тезиске, бирдиктүү түзүмгө жана логикалык ырааттуулукка ээ жүйөлөрдү түзүү жана жеткирүү;
- Жазуу иштерин тактыкты, логикалык байланышты жана грамматикалык тууралыкты жакшыртуу максатында оңдоо жана редакциялоо;
- Академиялык тексттерди түшүнүү жана алар менен сынчыл иштөө, негизги жүйөлөрдү, далилдерди жана методологияларды аныктоо;
- Авторлор колдонгон ар түрдүү риторикалык стратегиялардын натыйжалуулугун баалоо;
- Академиялык жазууда жана талкууларда келтирилген жүйөлөр менен далилдердин этикалык жактарын ой жүгүртүү;
- Ар түрдүү дисциплиналар жана академиялык контексттерде сынчыл ой жүгүртүү жана жазуу көндүмдөрүн колдонуу;
- Жаңы билим жаратуу жана оригиналдуу идеяларды түзүү;
- Татаал маселелерди таанып, инновациялык ойлор жана илимий изилдөөлөр аркылуу аларды чечүү жолдорун табуу;
- Татаал маселелерди ар түрдүү көз караштардан талдоо жана академиялык талкууларга өзүнүн оригиналдуу көз карашын жана туура негизделген идеяларын кошуу;
- Ар түрдүү көз караштарга жана этикалык, тыкыр илимий ишке болгон мамилеге түшүнүү жана көңүл буруу жөндөмүн көрсөтүү.
Гуманитардык илимдер
Гуманитардык илимдер курстары студенттерге ар түрдүү адамзат маданияттарын, ой жүгүртүү ыкмаларын жана билим тармактарын изилдөө менен өз кызыгууларына жараша билим алууга шарт түзөт. Бул курстарды окуган студенттерден жеке жана коомдук баалуулуктарды, ошондой эле аларга маданий, тарыхый жана интеллектуалдык салттар кандайча таасир этерин билдире билүү талап кылынат. Бул курстар студенттерге ар түрдүү маданияттар менен тарыхый мезгилдердеги адамзат тажрыйбаларынын жана көз караштарынын ар түрдүүлүгүн таанууга жардам берет.
Үйрөнүү жыйынтыктары:
Бул курстарды аяктагандан кийин студенттер төмөнкүлөргө жөндөмдүү болушат:
- Ар кандай гуманитардык дисциплиналарга таандык маанилүү адабий жана визуалдык тексттерди, искусство чыгармаларын жана маданий мурастарды талдоо жана чечмелөө;
- Гуманитардык, көркөм жана сынчыл изилдөөлөргө таянуу менен так жана ынанымдуу жүйөлөрдү камтыган, жакшы түзүмдөлгөн жана ырааттуу эсселерди, презентацияларды жана долбоорлорду түзүү;
- Гуманитардык чыгармаларда көрсөтүлгөн ар түрдүү көз караштар менен жүйөлөрдү баалоо;
- Адамдык тажрыйбалар менен аларды калыптандырган жана алар аркылуу калыптанган тарыхый, маданий жана социалдык контексттерди түшүнүү;
- Гуманитардык илимдердеги маселелерди жана суроолорду иликтөө үчүн ылайыктуу изилдөө методологияларын жана сынчыл ыкмаларды колдонуу;
- Гуманитардык чыгармаларда көтөрүлгөн этикалык маселелер жана дилеммалар боюнча ой жүгүртүү, ар түрдүү моралдык жана философиялык көз караштарды эске алуу;
- Адабият, визуалдык искусство, музыка жана сахналык көрсөтүүлөр сыяктуу ар кандай гуманитардык каражаттар аркылуу жаратмачыл идеяларды изилдөө жана билдирүү.
Коомдук илимдер
Бул топтогу коомдук илимдер курстары студенттерге тарыхый жана социалдык-маданий көз караштар менен таанышып, дүйнө элдеринин ортосундагы өз ара аракеттенүүлөрдүн өнүгүшүнө сынчыл көз караш менен кароого мүмкүнчүлүк берет. Бул түшүнүктөр заманбап коомдо жашоо жана ага салым кошуу үчүн маанилүү.
Үйрөнүү жыйынтыктары:
- Бул курстарды аяктагандан кийин студенттер төмөнкүлөргө жөндөмдүү болушат:
- Коомдук илимдердеги негизги түшүнүктөрдү, теорияларды жана методологияларды аныктоо жана түшүндүрүү;
- Коомдук көрүнүштөрдү тиешелүү теориялык алкак жана изилдөө ыкмалары аркылуу талдоо;
- Коомдук маселелер боюнча маалымдуу тыянактарды чыгаруу үчүн маалыматтар менен далилдерди чечмелөө жана синтездөө;
- Коомдук суроолорду изилдөө үчүн сапаттуу, сандык жана/же аралаш методдорду колдонуп изилдөө жүргүзүү жана далилдүү, так жүйөлөрдү түзүү;
- Коомдук илимдердин теориялары менен ыкмаларын чыныгы турмуштагы көйгөйлөрдү жана саясат маселелерин чечүүдө колдонуу, ошондой эле жыйынтыктарды жазуу, оозеки жана санариптик каражаттар аркылуу натыйжалуу жеткирүү;
- Коомдук илимдердеги изилдөөлөр менен практиканын этикалык маселелерин таанып-билүү жана ой жүгүртүү;
- Комплекстүү коомдук маселелерди түшүнүүнү жакшыртуу үчүн ар түрдүү дисциплиналардагы билимди интеграциялоо.
Жаратылыш таануу илимдери
Жаратылыш таануу курстары студенттерге жаратылыш процесстерин, алардын механизмдерин жана адамдын кийлигишүүсүнүн натыйжаларын илимий тилде жана түшүнүктөр аркылуу системалуу түрдө изилдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Бул курстар студенттерди физикалык ааламды түзгөн татаал системалардын түзүлүшү жана функциясы боюнча темаларды изилдөөгө тартат, ошондой эле технологиялык өнүгүүнүн жаратылыш илимдериндеги ийгиликтер менен болгон байланышын түшүнүүгө жардам берет.
Үйрөнүү жыйынтыктары:
Бул курстарды аяктагандан кийин студенттер төмөнкүлөргө жөндөмдүү болушат:
- Жаратылыш дүйнөсүн жана экологиялык системаларды башкарган процесстер менен көрүнүштөрдү сүрөттөп берүү жана жаратылыш таануу илимдериндеги негизги түшүнүктөрдү, принциптерди жана теорияларды түшүндүрүү;
- Илимий ырастоолор менен далилдерди сынчыл ой жүгүртүү жана аналитикалык көндүмдөр аркылуу баалоо, илимий ыкманы колдонуу менен гипотезаларды түзүү, эксперименттерди өткөрүү жана маалыматтарды чогултуу;
- Илимий көйгөйлөрдү чечүү жана маалыматтарды талдоо үчүн сандык жана сапаттык ыкмаларды колдонуу;
- Ар кандай жаратылыш илимдери тармактарындагы билимдерди интеграциялоо аркылуу татаал маселелерди жана чакырыктарды чечүү;
- Илимий практикалар жана технологиялык өнүгүүлөр менен байланышкан этикалык ойлор жана экологиялык таасирлер боюнча ой жүгүртүү, табигый ресурстарды жоопкерчиликтүү колдонуу жана туруктуу практикаларды илгерилетүү;
- Климаттын өзгөрүшү, саламаттык кризистери жана ресурстарды башкаруу сыяктуу глобалдык чакырыктарды чечүүдөгү жаратылыш таануу илимдеринин ролун аныктоо жана түшүндүрүү;
- Илимий жетишкендиктер менен ачылыштардын коомго жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо.
Искусство
Бул категориядагы курстар студенттерге адабий, визуалдык жана аткаруучу искусстволордун ортосундагы өз ара байланыштарды, ошондой эле бул дисциплиналар кеңири маданий жана тарыхый баяндоолор менен кандайча айкалышарын таанууга жана айтууга мүмкүнчүлүк берет. Студенттер тексттерди, темаларды жана маселелерди изилдеп, көркөм чыгармалар менен сынчыл иш алып барып, алардын формасына, мазмунуна жана эстетикалык сапаттарына негизделген маалымдуу жоопторду түзүшөт.
Үйрөнүү жыйынтыктары:
- Бул курстарды аяктагандан кийин студенттер төмөнкүлөргө жөндөмдүү болушат:
- Ар түрдүү искусство формаларын чечмелөө жана талдоо жөндөмүн көрсөтүү, жекече, эстетикалык, маданий жана тарыхый көз караштарды изилдөө үчүн сынчыл ой жүгүртүүнү колдонуу;
- Көркөм чыгармалар жаратылган жана кабыл алынган маданий жана тарыхый контексттерди түшүнүү менен бул шарттардын искусствону чечмелөөгө жана баалоого тийгизген таасирин таануу;
- Өз жаратмачылык процесстерин өнүктүрүү жана өркүндөтүү, жекече ой жүгүртүүнү жана техникалык чеберчиликти камтыган оригиналдуу искусстволук иштерди жаратуу;
- Негизги искусство түрлөрүнө тиешелүү терминологияны, түшүнүктөрдү жана методологияларды өздөштүрүү жана натыйжалуу колдонуу, искусствонун принциптери менен практикасын комплекстүү түшүнүүнү көрсөтүү;
- Адабий, визуалдык жана аткаруучу искусстволор адамзат тажрыйбаларын кандайча чагылдырып жана калыптандырып турарын айтууга жөндөмдүүлүк, бул аркылуу ар түрдүү көз караштарды жана коомдук баалуулуктарды тереңирээк түшүнүү;
- Искусствону жаратуу жана сындоо менен байланышкан этикалык жана социалдык жоопкерчиликтерди таануу, искусствого урмат-сый менен мамиле кылууну жана инклюзивдүү чөйрөнү илгерилетүү;
- Өз өмүрүн жана коомчулугун байытууда искусствого үзгүлтүксүз катышуунун жана изилдөөнүн маңызын таанып, искусствого өмүр бою тартылууну өнүктүрүү.
Спорт
Спорт курстары спорт жана дене тарбиялык активдүүлүктүн тең салмактуу жана толук кандуу жашоонун ажырагыс бөлүгү экендигин таанып-билүүгө жана жайылтууга багытталган. Бул курстар студенттерден ар кандай спорттук жана дене тарбиялык иш-чараларда негизги көндүмдөрдү, ыкмаларды жана стратегияларды өздөштүргөндүгүн көрсөтүүнү талап кылат. Ошондой эле спорт курстары студенттерге спорт тармагындагы учурдагы тенденциялар менен маселелерди баалоого жана алардын этикалык, социалдык жана маданий кесепеттерин эске алуу менен ой жүгүртүүгө жардам берет.
Үйрөнүү жыйынтыктары:
- Бул курстарды аяктагандан кийин студенттер төмөнкүлөргө жөндөмдүү болушат:Ар кандай спорт жана дене тарбиялык ишмердүүлүктөргө тиешелүү негизги түшүнүктөрдү, эрежелерди жана принциптерди аныктоо;
- Жеке жана командалык көрсөткүчтөрдү талдоо, күчтүү жана өнүктүрүүнү талап кылган жактарын аныктоо жана оюн же мелдеш учурунда тиешелүү стратегиялар менен ыкмаларды колдонуу;
- Команда мүчөлөрү, машыктыруучулар жана башка катышуучулар менен натыйжалуу баарлашуу аркылуу командалык ишти жана жалпы максаттарга жетүүнү камсыз кылуу;
- Командалык шарттарда кызматташуу аркылуу лидерлик көндүмдөрүн өнүктүрүү жана позитивдүү спорттук чөйрөнү түзүү;
- Бардык спорттук иш-чараларда адилет оюн эрежелерин, спорттук адептүүлүктү жана этикалык жүрүм-турумду көрсөтүү;
- Коомчулукта ден соолукка пайдалуу жана активдүү жашоо образын калыптандырууда спорт жана дене тарбиянын маанилүүлүгүн жактоо;
- Спорт жана дене тарбиялык шарттарда адамдардын ар түрдүү тарбиясынан, жөндөмүнөн жана маданий тегинен келип чыккан айырмачылыктарды таануу жана урматтоо.
Тилдер
Маданий ар түрдүүлүккө бай дүйнөдө тил курстары студенттерге дүйнөлүк тилдер боюнча баарлашуу жөндөмдөрүн жана маданий билимдерди берип, аларды көп маданияттуу аң-сезим менен дүйнөлүк жигердүү жаран катары ийгиликтүү аракеттенүүгө даярдайт. Бул курстар студенттерге университет ичинде ар түрдүү маданияттардын ортосунда өз ара түшүнүшүүнү камсыз кылууга жана жергиликтүү, ошондой эле эл аралык деңгээлде тажрыйбалык үйрөнүү мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылууга көмөктөшөт. Тилдер жана маданияттар боюнча билим менен көндүмдөр жеке жана кесиптик өнүгүү үчүн маанилүү курал катары таанылат.
- Үйрөнүү жыйынтыктары:
Бул курстарды аяктагандан кийин студенттер төмөнкүлөргө жөндөмдүү болушат:
Сүйлөө, угуу, окуу жана жазуу боюнча тил билүү жөндөмдөрүн жана компетенцияларын көрсөтүү;
Фонетика, семантика, морфология, синтаксис, прагматикалык жана социолингвистикалык аспектилер боюнча лингвистикалык түшүнүктөрдү түшүнүү жана көрсөтүү;
Өзүнүн маданий практикасы менен көз караштарынын негизги окшоштуктарын жана айырмачылыктарын таанып, ар түрдүү маданий көз караштарды так жана туура жазуу жана сүйлөө аркылуу билдирүү;
Тил жамааттарына тиешелүү негизги адабий, көркөм жана маданий чыгармалар менен инсандар тууралуу билимин баарлашууда колдонуу;
Тил билүү жөндөмдөрүн, маданияттар аралык компетенцияларды, технологиялык көндүмдөрдү жана сынчыл ой жүгүртүү менен билдирүү ыкмаларын айкалыштырып, бүгүнкү глобалдык иш чөйрөсүндө талап кылынган кесиптик байланыш, котормо жана долбоордук кызматташтык сыяктуу милдеттерди натыйжалуу аткаруу.